Россиядагы 83 миңдей кыргызстандык документтерин мыйзамдаштырышы керек

Россиядагы 83 миңдей кыргызстандык документтерин 30-апрелге чейин мыйзамдаштырышы керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 5-февралынан тартып, Россия президентинин “Россия Федерациясында айрым чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” жарлыгы күчүнө кирди. Ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн жарандарды “көзөмөлгө алынган адамдар” реестрине киргизүүдө.
“Ушул тапта көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине 83 миң кыргызстандык киргизилген. Тизмени https://migrant.kg/ сайтынан көрүүгө болот.Жарандарыбыз тизмеден өзүнүн ата-жөнүн тактап, документтерин мыйзамдаштыруулары керек”,-деди ал.
Министрдин орун басары белгилегендей, реестрге кирген адамдарга төмөнкү чектөөлөр киргизилет:
- юридикалык жак же жеке ишкер катары катталууга тыюу салынат;
- кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаттарын сатып алуу/сатууга тыюу салынат;
- транспорт каражаттарын башкарууга тыюу салынат;
- башка регионго көчүүгө же каттоосун өзгөртүүгө тыюу салынат;
- никеге турууга тыюу салынат;
- банктын эсебин ачууга жана айрым операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
“Мындан тышкары, контролго алынган адамдар ИИМ тарабынан чакыруу алса, көрсөтүлгөн убакытта келүүгө милдеттүү. Эгерде эки же андан көп жолу эрежелер бузулса, мындай жарандар депортацияланып, атайын борборго киргизилиши мүмкүн”,-деди ал.