Россияда “Нелегал-2025” операциясынын экинчи этабы башталды

Бүгүн Россияда “Нелегал 2025” федералдык комплекстүү ыкчам-профилактикалык операциясынын экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Эске сала кетсек, “Нелегал” операциясы Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан жыл сайын эки этапта Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ), Росфинмониторинг жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте өткөрүлөт.
Негизги максат – мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, миграциялык мыйзамдарды, анын ичинде үчүнчү өлкөнүн жарандары тарабынан мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу.
“Нелегал” операциясы Россияда биринчи жолу 2008-жылы жүргүзүлгөн.
Бул алдын алуу иш-чаралары аяктагандан кийин “Нелегал-2025” операциясынын жыйынтыгы чыгарылат.
Элчилик Кыргызстандан барган мигранттарды дайыма документтерин өздөрү менен алып жүрүүнү жана операция аяктаганга чейин майрамдарга жана жыйындарга барбоого чакырды.