Россияда миграциялык кызматтар үчүн кошумча мамлекеттик алымдар киргизилет

 Россияда миграциялык кызматтар үчүн кошумча мамлекеттик алымдар киргизилет

Россияда миграциялык кызматтар үчүн кошумча мамлекеттик алымдар киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 31-июлунда Россиянын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн миграциялык кызматтарды алууда жаңы мамлекеттик алымдар киргизилет.

Мамлекеттик алымдар төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

– чет өлкөлүк жаранды Россияда жүргөн жери боюнча каттоо үчүн (чет өлкөлүк жарандын келгендиги тууралуу билдирүүсүн берүүдө) – 500 рубль өлчөмүндө. Ошол эле учурда бул мамлекеттик алым чет өлкөлүк жарандарга – Москва шаары жана Москва облусунда мобилдик аппараттын геолокациясы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды каттоонун кошумча механизмдерин киргизүү боюнча эксперименттин катышуучуларына жайылтылбайт;

– чет өлкөлүк жарандын Россияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн (миграциялык картага мөөр басууда) – 1000 рубль өлчөмүндө.

Буга байланыштуу, элчилик Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик алымдардын көрсөтүлгөн тарифтери менен таанышып, Россиянын миграциялык органдарына барганда аларды эске алууну сунуштайт.

Связанный пост