Россияда миграция мекемелеринин иштөө убактысы эки саатка узарды

Россиянын миграциялык мекемелеринин иштөө убактысы эки саатка узартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдары бир катар өзгөрүүгө учурады. Жаңычылдыктарга ылайык, үстүбүздөгү жылы Россиянын аймагында жаңы миграциялык эрежелер киргизилди.
“Жаңы талаптарга ылайык, бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына 2025-жылдын 30-апрелине чейин Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилди. Биздин жарандардын арасында белгиленген мөөнөт ичинде үлгүрө албай калуу коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, президент Садыр Жапаровдун Россия тарапка келтирилген өтүнүчү менен документтерди мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. 10-сентябрь акыркы мүмкүнчүлүк, ал келечекте узартылбайт”, – деп эскертти ал.
Мындан тышкары элчи белгилегендей, Россиянын аймагындагы аймактык миграциялык кызматтарда узун кезектердин бар экенин эске алып, Кыргызстан орус тарапка бул маселени жөнгө салууну суранган. Жыйынтыгында миграция мекемелеринин иштөө убактысы эки саатка узартылды.
Бөкөнтаев ар кандай себептер менен Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузуп, көзөмөлгө алынган реестрге киргизилген кыргызстандыктарды 2025-жылдын 10-сентябрына чейин берилген мөөнөттөн пайдаланып, өздөрүнүн укуктук статусун жөнгө салуу менен Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылууга чакырды.
“Учурда көптөгөн жарандарыбыз жайкы мезгилде балдары менен мекенине кетип жатышат, бирок кайтып келгенден кийин убакыттын аздыгынан 10-сентябрга чейинки мүмкүнчүлүктү пайдаланып үлгүрбөй калышыңар мүмкүн. Ошондуктан сапарларды пландаштырууда ушуну эске алыңыз.
Муну менен катар жаңы талап күчүнө киргенин өзүнчө белгилеп кетким келет. Бул балдарды билим берүү мекемелерине жайгаштыруу үчүн орус тилинен сынак тапшыруу. Бул маселени кийинкиге жылдырбай балдарды мектепке киргизүү үчүн алдын ала зарыл чараларды көрүүнү суранам.
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги жана консулдук мекемелери жарандардын укуктарын мыйзам чегинде коргоого жана мекендештерибизге жардам көрсөтүүгө дайым даяр”, — деп айтты элчи.