Россияда чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү аяктады
Тышкы иштер министрлиги күн мурун Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуунун мөөнөтү аяктаганын билдирди.
Буга карата ТИМ өлкөнүн Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте кыргыз жарандарынын укуктук абалын жөнгө салууга багытталган кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Бул иштин алкагында Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин жетекчилери Россиянын компетенттүү органдары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турган. Консулдук кызматкерлер кыргыз жарандары көп жашаган аймактарга жана РФ ИИМ бөлүмдөрүнө чыгып, консулдук-укуктук жардам көрсөтүшкөн.
Россия тараптын маалыматына ылайык, сентябрь айынын башында көзөмөлдө турган адамдардын реестрине 85 962 кыргыз жараны киргизилген. Ал эми эң жогорку көрсөткүч июнь айында болуп, анда болжол менен 113 миң киши аталган тизмеде болгон. Жалпысынан 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде реестрден 98 670 адам чыгарылган.
Булардын ичинен 14 584 кыргызстандык Россиядан чыкпай эле тиешелүү органдарга кайрылып, макамын мыйзамдаштырган. Ал эми 84 086 жаран Россиядан чыгып кеткендиктен реестрден алынган.
ТИМ 11-сентябрдан тартып өзүнүн статусун жөнгө салбаган жана Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мажбурлап чыгарууга жана андан ары өлкөгө кирүүгө тыюу салууга дуушар болорун эскертет.
Булак “Кабар” агенттиги