Россияда 352 миңге жакын кыргызстандык расмий каттоодо турат

 Россияда 352 миңге жакын кыргызстандык расмий каттоодо турат

2025-жылдын биринчи кварталына карата Россиянын миграциялык каттоосунда Кыргызстандын 352 миңге жакын жараны турат. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып Кыргызстандын Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров билдирди.

 

Анын айтымында, ошол эле учурда алар түзгөн эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин саны 680 миңди түзөт. Мындай айырма бир адам бир нече эмгек же жарандык-укуктук келишим түзө алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындан тышкары, Россияда келишим түзгөн айрым жарандар иш жүзүндө Кыргызстанда болуп, аралыктан иштеши мүмкүн.

 

Дипломат белгилегендей, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы артыкчылыктарга карабастан, Россияда миграциялык мыйзамдардын катаалдашы шартында Кыргызстандын жарандары төмөндөгүдөй бир катар кыйынчылыктарга туш болушууда:

 

кабыл алуучу тараптын баш тартуусунан улам иш жүзүндө жүргөн (жашаган) жери боюнча миграциялык каттоого туруудагы кыйынчылыктар;

эмгек же жарандык-укуктук келишим түзбөстөн мыйзамсыз иштөө;

КРнын эмгекчи жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн РФдагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүнүн жоктугу;

кабыл алуучу өлкөсүнүн миграциялык мыйзамдарын сактабоо жана (же) билбөө. РФ Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын август айынын башына карата Кыргызстандын жарандарына карата 224 миңге жакын административдик укук бузуу протоколу түзүлгөн. Анын негизинде 3 748 жаран Россиянын аймагынан административдик түрдө чыгарылып, ал эми 292 жаран депортацияланган.

Кыргызстандын жарандарынын арасындагы кылмыштуулук, өзгөчө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө. Ушул аралыкта Россиянын аймагында кыргызстандыктар тарабынан 1 429 кылмыш жасалган, анын ичинен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү – 288, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган – 435, уурдоо – 173 жана башка.

Связанный пост