Россия Кыргызстанга кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоого көмөктөшөт

 Россия Кыргызстанга кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоого көмөктөшөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-мартында Сочи шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

 

Макулдашуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы мурдагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн калдыктары жайгашкан райондордо жашаган калктын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы мурдагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүш ишканаларынын объектилеринде өзгөчө кырдаалдарын пайда болуу тобокелдиктерин азайтууну камсыз кылууда өз ара аракеттенүүнү караштырат.

Связанный пост