Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 5 жылдын ичинде 560 млн долларга ар түрдүү долбоорлорду каржылады

 Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 5 жылдын ичинде 560 млн долларга ар түрдүү долбоорлорду каржылады

Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду акыркы беш жылдын ичинде 560 млн АКШ долларына ар түрдүү долбоорлорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонддун төрөгасы Артем Новиков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, фондго биринчи этапта капиталды тартуу үчүн 500 млн доллар бөлүнгөн. Капитал көбөйдү, каражаттарды Кыргызстан өзү башкарууда.

“2020-жылга чейин долбоорлорду каржылоого бөлүнгөн акчанын эсебинен беш жыл ичинде болгону 75 долбоор гана жактырылган. Алардын жалпы инвестициялык муктаждыгы 230 млн долларды түзгөн. Ал эми 360 млн долларга жакын каражат россиялык компаниялардын баалуу кагаздарына салынып, ошол өлкөнүн экономикасына иштеп жаткан. Бул акча Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн болчу.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдан баштап өнүктүрүү фонддорунун, анын ичинде бул фонддун ишмердүүлүгүн толугу менен реформалоо жана модернизациялоо тапшырмасын койгон. Биз бул багытта чоң иштерди аткардык. Нормативдик документтер жаңыртылды, долбоорлорду каржылоо саясаты, тобокелдиктерди башкаруу жана кадр маселелери кайра каралды. Россиялык баалуу кагаздарга салынган каражаттардын бардыгы толук Кыргызстанга кайтарылды. Учурда бул каражаттар өлкө ичинде гана иштетилип, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталууда”, – деди ал.

Новиков белгилегендей, бул каражаттар Россия тарабынан түзүлгөн. Бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын деңгээлине көтөрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн КРӨФна берилген гранттык сумма болчу. Фонд республиканын чегинен тышкары жайгашкан долбоорлорду каржылабайт.

“Беш жылдын ичинде биз 560 млн долларлык долбоорлорду каржыладык. Ал эми бул акчанын баары өлкөдө айланууда”, – деп белгиледи ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост