Риэлторлордун иши мыйзамдаштырылат
Юстиция министрлиги риэлтордук ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Министрликтин маалыматына караганда, документ жарандарды ортомчулардан, жашыруун комиссиялардан, алдамчылыктан, жасалма жарыялардан жана “башаламан риэлтордук” сыяктуу терс көрүнүштөрдөн коргоого багытталган.
Кеп кыймылсыз мүлк рыногундагы келишимдерди коштогон, жарандар үчүн тобокелдиктерди жараткан ачык эмес жана агрессивдүү аракеттер жөнүндө болуп жатат.
Мыйзам долбоору риэлтордук ишмердүүлүктү тартипке келтирүүгө жана бул тармактагы ортомчулукту системалаштырууга багытталган.
Долбоордун негизги багыттары:
- Риэлторлорду белгиленген стандарттардын негизинде милдеттүү мамлекеттик каттоодон (сертификациядан) өткөрүү.
- Жарандар үчүн ортомчунун статусун текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү атайын идентификациялык карталарды киргизүү.
- Кызмат көрсөтүүнүн жана типтүү келишимдердин бирдиктүү стандарттарын белгилөө.
- Риэлтордун ролу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ачык маалымат берүүнү камсыз кылуу.
- Кош комиссия алууга тыюу салуу жана жалган жарнамаларды чектөө.
- Мыйзамсыз ишмердүүлүк жана талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору кыймылсыз мүлк менен алып-сатарлык кылууну чектөө үчүн салыктык чараларды да карайт. Документ кабыл алынса, рынокто тартип орноп, жарандардын ишеними артат деп күтүлүүдө.