Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Улуу Мартабаңызды жана бир тууган кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Дос жана боордош Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи тааныган өлкө катары, өткөн 34 жылдык убакыт ичинде Кыргызстандын түрдүү тармактарда жетишкен ийгиликтерине сыймыктануу менен көз салып келебиз.
Биз жалпы тарыхыбыз, тилибиз, динибиз жана маданий байланыштарыбыз менен бекемделген мамилелерибиз эки тараптуу деңгээлде да, көп жактуу платформалардын алкагында да, айрыкча Түрк мамлекеттеринин арасында ийгиликтүү өнүгүп, жыл сайын күч алып жатканын кубануу менен белгилейбиз.
Учурдан пайдаланып, Улуу Мартабаңызга ден-соолук жана бакыт, бир тууган кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.