Республиканын камсыздандыруу компанияларынын пайдасы 3 эсе өстү

 Республиканын камсыздандыруу компанияларынын пайдасы 3 эсе өстү

2024-жылы республиканын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өсүп, 7,2 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 72,5%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары ушул эле мезгилде 1,8 эсеге көбөйүп, 6 млрд. сомго жакынды түздү.               Жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 1,3 млрд. сом сальдолоштурулган пайда алынган, бул 2023-жылга караганда 3 эсеге көп.                2024-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 1,7 млн. ​​камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 93%ы жеке жактар ​​менен, 7%ы юридикалык жактар ​​менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Түзүлгөн келишимдердин эң көп үлүшү оорулардан жана кокустан болгон кырсыктан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу (63%), жарандардын кыймылсыз мүлкүн милдеттүү камсыздандыруу (15%) жана ОСАГО келишимдерине (13%га жакын) туура келди.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйүп, 2024-жылы 5,2 млрд. сомду түздү. Келип түшүүлөрдүн эң көп өсүшү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери жана кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу келишимдери боюнча белгиленди.               2024-жылы 22,5 миң камсыздандыруу учуру катталган, алардын ичинен 54%ы кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга туура келди.               Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 783 млн. сомго жакынды түздү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасынын 68% ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга, 9% – жеке медициналык камсыздандырууга жана 5%дан ОСАГО жана жарандардын кыймылсыз мүлкүн милдеттүү камсыздандырууга туура келген.

Связанный пост