Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде жаңы цехтер ачылды

 Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде жаңы цехтер ачылды

Бишкекте жаңыланган Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде жаңы цехтер ачылды. Бул тууралуу бүгүн аталган мекеменин имаратынын капиталдык оңдоодон кийинки ачылуу аземинде эмгек министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, мекеменин имараты жөн гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөстөн, анда кресло-коляскаларды чогултуу жана заманбап кол протездерин жасоо цехтери ачылды.

Министр белгилегендей, мекеме продукциянын 150дөн ашык түрүн чыгарат.

“Мекеме өндүрүлгөн продукциянын сапатын тынымсыз жогорулатууда. Сколковонун резиденти “Моторика” кампаниясынын компоненттеринен 26 “КИБИ” заманбап балдар кол протездери даярдалган жана пилоттук режимде 2 бионика “ИНДИ” протездери тертирлөөдөн өтүп жатат. Ортопедиялык бут кийимдердин жаңы модельдери иштелип чыгып, сапаттуу материалдар колдонулууда”, – деди Гүлнара Баатырова.

Связанный пост