Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду
Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.
Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.
Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.
Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», – деди башкы дарыгер.
3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.
«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, – деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева.
Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.