Республикалык бюджеттен Ош облусуна 777,4 млн сом бөлүндү
Республикалык бюджеттен Ош облусуна 777,4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат:
Бюджеттер аралык трансферттер :
Ош облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 777,4 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:
1. Теңдөөчү трансферт – 627,1 млн сом;
2. Ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом;
3. Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 16,3 млн сом;
4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 19,2 млн сом;
5. Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 68,5 млн сом,
Мындан тышкары капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1,18 млрд сом бөлүндү.