Республикада бир жума ичинде СOVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды

 Республикада бир жума ичинде СOVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал
Ыкчам маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 10-жумасында (04.03-10.03.24) республика боюнча өткөн жумага (09-жума, 92,7) салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган 4576 учур катталды -30,4%га төмөн. Бардык ооругандардын 71,7%ы 14 жашка чейинки балдар.
Октябрь айынан бери бейтаптардан 1834 анализ алынган, лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу менен шартталган, 05-аптадан баштап сасык тумоонун вирустарынын бөлүүнүсү жокко эсе. Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, анын ичинде риновирус басымдуулук кылууда – 32,4%, РС вирусу – 25,2%, I-IV парагрипп – 17%, башка вирустар 25,4% түзөт.
Республикада СOVID-19 инфекциясы боюнча жумалык мониторинг улантылып, 10-жумада Ош шаарында 1 учур катталды.
Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Связанный пост