Республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 94% оруп жыйналды

 Республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 94% оруп жыйналды

Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат.

 

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн – 152,4 миң га, башкача айтканда, 94,7 % жыйналды.

 

Республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү – 29,2 ц/га түзүп, өткөн жылдан 12,5 центнерге көп. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 444,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу – 175,0 миң тоннага көп топтолду.

 

Буудай жыйноо иштери 73,2 миң га аянтта жүргүзүлүп, жыйналуучу аянтка карата, же 30,4 % жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 31,3 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 11,2 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Баткен облустарында 34,5-35,3 ц/га болууда.

 

Ал эми арпа республика боюнча 79,2 миң га аянтта жыйналып, башкача айтканда жалпы аянттын 32,8 % түзүп, өткөн жылга салыштырганда 2,0 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк – 27,2 ц/га түзүп, өткөн жылдан 13,7 ц/га көп. Дүң түшүм – 215,5 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 104,2 миң тоннага көп болду.

 

Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында гектарынан 28,2 центнерден алынууда.

 

Ошондой эле, учурда жашылча-бахча өсүмдүктөрү жана картошка жыйноо иштери да кызуу жүрүп жатат.

Связанный пост