Республика боюнча 100гө жакын айыл таза суу менен камсыздалууда
Бүгүнкү күндө Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы 95 айылда таза суу менен камсыздоо боюнча жумуштар жүрүп жатат. Бул тууралуу “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун координатору Эрлан Корчубай уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 95 айылдын ичинен 72 айылда таза курулмаларынын курулуш иштери учурда бүткөрүлүп, элдер таза суу менен камсыздалган.
“Ал эми калган 23 айылда курулуш иштери жүрүп жатат. Бул жалпысынан 210 миң кишини камсыз кылган долбоор болууда. Долбоордогу көйгөйлүү деп айта турган маселе жумуштар бүткөрүлүп эксплуатацияга берилгенден кийин ишти туруктуу алып кетүү. Ал боюнча муниципалдык ишканаларды түзүү жана аларды окутуу багытында иштер жүрүп жатат. Жер-жерлерде инженер адистери аз болгондуктан, бул эксплуатацияны туруктуу алып кетүү багыты бир аз оорураак болуп турат”,- деди Корчубай уулу.
Ошондой эле жергиликтүү бийликтер үчүн чакан долбоорлордун алкагында окутуулар өткөрүлүп, жумушту туруктуу алып барууга багыттар жасалып жаткандыгы кошумчаланды.