Республика аймагында дан эгиндерин жыйноо иштери дээрлик аяктады

 Республика аймагында дан эгиндерин жыйноо иштери дээрлик аяктады

Бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында дан эгиндеринин 679 миң гектар аянтынын ичинен 673,5 миң гектары же 99,2% жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 658,1 миң гектарга жогору.

Республика боюнча дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 29,6 центнерди түзүп, жалпысынан 1 млн 994,6 миң тонна дан алынган.

Жашылча түшүмү боюнча 56,6 миң гектардан 53,5 миң гектар же 98,6% жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 188,1 центнерди түздү. Жалпы 1 млн 6,8 миң тонна жашылча өндүрүлгөн.

Картошка боюнча 64,5 миң гектардын 63,3 миң гектары (98,3%) жыйналып, жалпы 1 млн 176 миң тонна өндүрүлгөн. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 176,5 центнерден болуп, өткөн жылдагы 172,5 ц/га көрсөткүчтөн жогору болду.

Бахча өсүмдүктөрүнүн пландаштырылган 11,8 миң гектары толук жыйналып, факты түрүндө 12,2 миң гектар аткарылып, план 103,8 пайызга ашыкча аткарылган. Жалпы 274 миң тонна продукция алынып, бул өткөн жылга караганда 37 миң тоннага көп. Мында башкы өндүрүүчү – Жалал-Абад облусу болду.

Техникалык өсүмдүктөргө токтолсок, 32,3 миң гектар аянттан түшүм жыйноо иштери уланууда. Май өсүмдүктөрүнүн жыйноосу 96,9% (12,2 миң га) аткарылган. Ал эми тамеки толугу менен жыйналып бүткөн. Пахта жыйналып, жалпы көлөмү 19,0 миң тоннаны түзгөн. Кант кызылчасы 85,9 % жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынган.

Ошондой эле жүгөрү жана кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери жыйынтыктоо баскычында экени кошумчаланды.

Связанный пост