Прокурордук чаралардын жыйынтыгында 11 млн сом өндүрүлдү

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында мамлекетке 11 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүдө аталган айыл өкмөттүн аймагындагы 855 га жер тилкеси “өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргонуу жана энергетика тармактарынын жерлери” категориясына которулуп, күн электростанциясын долбоорлоо жана куруу пландалган. Бирок, текшерүүдө жергиликтүү мамлекеттик органдардын аракетсиздигинин натыйжасында айыл чарба жоготуулардын жана алынбай калган пайданын орду толтурулбай, чыгым өндүрүлбөй калгандыгы аныкталган.
Келтирилген прокурордук актынын негизинде мамлекетке 11 млн 170 миң 745 сом акчалай өндүрүлдү.