Прокуратура Балыкчы шаарында жаш кызды автоунаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

 Прокуратура Балыкчы шаарында жаш кызды автоунаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

2024-жылдын 26-январында Балыкчы шаарында жаш өспүрүм кызды автоунаа сүзүп,  окуя болгон жерден автоунаанын айдоочусу качып кеткендиги боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу – этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, аталган факты боюнча областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу – этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш иши козголгон.

Областтык прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына тапшырды.

Учурда иш боюнча ыкчам түрдө тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жүрүшү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун контролунда турат.

Связанный пост