Прокуратура бала бакчадагы баланы сабоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Негизсиз чечим чыгарган милиция кызматкерлери жазаланат

 Прокуратура бала бакчадагы баланы сабоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Негизсиз чечим чыгарган милиция кызматкерлери жазаланат

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б.Г. аттуу жарандын №94 балдар бакчасынын тарбиячысы анын 3 жаштагы баланы сабагандыгы тууралуу кайрылуусу боюнча Октябрь райондук ИИБнын кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын текшерип чыкты.

Материалдарды карап чыгуунун жыйынтыгы менен №94 балдар бакчасынын тарбиялоочусу Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине эч бир себепсиз залал келтирип, анын дене боюнун жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.

Бирок, Октябрь райондук ИИБнын тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.

Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, жаш баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди.

Связанный пост