Президенттин “Улут деми — Уңгу жол” аттуу китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын конференц-залында президент Садыр Жапаровдун “Улут деми — Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” аттуу китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ЖОЖдордун студенттери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бет ачарды президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев ачып,
“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов китепти жарыкка чыгаруу идеясы, максаты жана мазмуну тууралуу учкай маалымат берди.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов бул чыгарма мамлекет башчысынын идеялары менен көз караштарын жыйынтыктаган, коом үчүн маанилүү руханий мурас экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: “Улут деми — Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби — президент Садыр Жапаровдун ар кыл маектеринин, кайрылууларынын жана ойлорунун топтому болуп, анда мамлекеттүүлүк, улуттук баалуулуктар, коомдун биримдиги жана өнүгүүнүн багыттары тууралуу ой толгоолор камтылган.

Мамлекет башчысынын тарыхый, саясий, идеологиялык мааниси зор тандамал сөздөрү мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук ишмерлерге, илимпоздор менен жаштарга жана жалпы эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Жыйнактын демилгечилери: Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана президенттин администрациясынын кызматкери Нурбек Асаналы уулу, китептин башкы редактору – белгилүү адабиятчы Кемел Белеков.

Китеп “Кыргыз Туусу” басма үйү тарабынан даярдалып, “Имак-офсет” басмаканасында басып чыгарылды.

Связанный пост