Президенттин тапшырмасы менен 2026-жылы республика боюнча 36 жаңы мектеп курулат

2025-жылы жаңыланган Эмгек кодекси күчүнө кирди, ал жумушчулардын жана жумуш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга багытталган. Документ иш менен камсыз кылуунун аралыктан иштөө жана аралаш форматтарын бекитет, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үйлөрүн бүтүргөндөр үчүн квоталарды киргизет. Акыркы эки жылда республикада иш менен камсыздоонун кыйла өсүшү байкалууда. 2024-жылы 263,1 миң, 2025-жылдын 9 айында дагы 229,2 миң жумуш орду түзүлгөн. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттин эмгек рыногун кеңейтүү жана экономикалык активдүүлүктү колдоо боюнча ырааттуу ишин чагылдырат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

“Ошондой эле калкты социалдык жактан коргоо күчөтүлүүдө. Эки жылдын ичинде бюджеттик кызматкерлердин, дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын айрым категорияларынын эмгек акысы көтөрүлдү. 2025-жылдын 10 айында орточо айлык акы 42 919 сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,2%га көп. Пенсиялар да жогорулатылды: минималдуу өлчөм 7 500 сомго жетти, орточо пенсия 11 254 сомду түздү”, – деди МинКаб башчысы.

Ал аймактарды, көп балалуу энелерди жана балдарды колдоо үчүн “Бала береке” жана “Келечекке салым” программалары ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

“Программалардын алкагында 3 100 балага 548,3 млн сом которулган. Президенттин демилгеси менен “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашыруу уланууда”, – деп баса белгиледи МинКаб Төрагасы.
МинКаб башчысынын айтымында, адам капиталын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыты бойдон калууда.

“2025-жылы мектепке чейинки билим берүү тармагында балдарды бала бакча менен камсыз кылуу 44,3% түздү, бул 2020-жылдын деңгээлинен эки эсе жогору. Мектепке чейинки мекемелерге барган балдардын саны 257 миңден ашты. 2030-жылга чейин 80 пайызга жеткирүү пландалып, жылына 200 бала бакча ачылат”, – деп белгиледи ал.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мектепте билим берүүдө демографиялык өсүш жана миграциялык процесстерден улам келип чыккан инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюу боюнча системалуу иш жүргүзүлүп жатканын айтты.

“2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 мектеп куруу пландаштырылууда. Өзгөчө абалдагы мектептер толугу менен оңдолуп-түзөлөт. 12 жылдык окууга өтүү реформасы, билим берүү системасын санариптештирүү жана окуу программаларын жаңыртуу уланууда. Бардык окуу китептери электрондук китепканада жеткиликтүү болот. Биринчи жолу мамлекет өлкө ичинде окуу китептерин чыгарууга 1 млрд сомго жакын каражат жумшады, бул ички өндүрүштү бекемдөөгө жана тышкы жеткирүүчүлөргө көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берди. Президенттин ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоо боюнча тапшырмасы аткарылып жатат. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасы “Алтын казык” 12 жылдык программасынын алкагында кошумча дем алат, бул жумушчу кесиптердин кадыр-баркын жогорулатууга жана квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талапты канааттандырууга өбөлгө түзөт”, – деп баса белгиледи МинКаб башчысы.

Жогорку билим берүү контекстинде ал, ЖОЖдордун материалдык-техникалык базасын бекемдеп, эл аралык статусун жогорулатып, инфраструктуралык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырып жатканын айтты. “Эл үмүтү” стипендиялык программасынын алкагында таланттуу жаштардын чет өлкөлөрдө окушуна 87,8 млн сом бөлүнгөн.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы саламаттык сактоо тармагына токтолуп, аны “социалдык саясаттын башкы артыкчылыгы” деп белгиледи.

«2024-жылы тармакка мамлекеттик бюджеттен 36,3 миллиард сом бөлүндү. 5 ири медициналык объект курулуп, аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү кеңейтилип, мекемелер тез жардам унаалары менен камсыздалды. Учурда 39 медициналык имараттын курулушу уланууда, 27 объект бүткөрүлдү, жаңы перинаталдык борборлорду куруу башталды. Заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде аймактар үчүн УЗИ аппараттары сатылып алынды. Бюджеттин эсебинен эки жылда бөйрөк алмаштыруу боюнча 45 операция жасалды.

Келечекте – “Медициналык шаарчаны” куруу жана заманбап медициналык хабды түзүү. Ишке ашырылып жаткан чаралар социалдык туруктуулукту чыңдоого, жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган, бул мамлекеттин стратегиялык приоритети болуп саналат», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Связанный пост