Президенттин маалымат катчысы: Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок

 Президенттин маалымат катчысы: Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок

Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Бул тууралуү КРнын Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык баракчасына жазды.

Э.Султанбаев АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаменттин “Азаттык” боюнча кайрылуусу менен таанышканын билдирди.

“Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык” чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган. Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок”,-деп белгиледи Султанбаев.

“Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз”,-деп жыйынтыктады Президенттин маалымат катчысы.

Связанный пост