Президенттин “КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

 Президенттин “КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин эксперттик-талдоочулук колдоону өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

71-беренесин жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын

12-апрелиндеги № 94 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун уставында:

– 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“15. Директордун эки орун басары болот, алар Улуттук институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн демилгеси боюнча Улуттук институттун директорунун орун басарларын сунуштоосуз кызматка дайындоого жана ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Директордун бир кеңешчиси болот, аны дайындоо тартиби директор тарабынан аныкталат.”;

 

– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“17. Директорду жана анын орун басарларын кошпогондо, Улуттук институттун кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп саналбайт.

Улуттук институттун директору жана анын орун басарлары саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлейт.”.

Связанный пост