Президенттин Баткен облусундагы өкүлү алмашты
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору Шаменов Айбек Асанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Шаменов Айбек Асанович президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору кызматын ээлеген.