Президенттин басма сөз катчысы коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы экени аныктады

 Президенттин басма сөз катчысы коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы экени аныктады
“Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле Мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз”, – деп соцтармактагы баракчасына Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө.
“Муну билген соң Президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул Мамлекет башчысынын талабы”, – деп белгиледи Султанбаев.

Связанный пост