Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Азымбакиев Муратбек Абакирович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ошол эле учурда, Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Абдумуталип Сагынбек президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.