Президенттин Администрациясынын коллегиясында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жана чет элдик иш сапарларды талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы чыгарылды
Бишкек, “Ынтымак-Ордо”, 2025-жылдын 21-февралы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын жыйынында мамлекеттик органдардын ишине кеңири талдоо жүргүзүлдү. Негизги көңүл бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана чет элдик иш сапарларга чыгашаларды оптималдаштырууга багытталган.
Талдоолордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов баяндама жасады. Ал өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү олуттуу жетишкендиктерди да, аткаруучулук тартипти жана чет өлкөлүк иш сапарларды уюштуруудагы бир катар олуттуу кемчиликтерди белгиледи.
Атап айтканда, Азамат Осмонов ИДПнын 9%га өсүшүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2,5 эсеге көбөйүшүнө шарт түзгөн бир катар стратегиялык демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын баса белгиледи. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлордун, ошондой эле кичи ГЭСтердин санын көбөйтүүнүн жана 300дөн ашык социалдык объектилердин курулушунун маанилүүлүгү белгиленди. Мындан тышкары, баяндамачы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча жылыштарды жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жаңы стратегияларды иштеп чыгууну белгиледи.
“Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында Контролдук модулу, Аналитикалык платформа, Корпоративдик портал, Интерактивдүү карта жана Ченемдик укуктук актылардын модулу сыяктуу санариптик инструменттер активдүү ишке ашырылууда. Салыктык кирешелерге жана мамлекеттик карызга онлайн мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик системалар иштелип чыккан, бул башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет”, — деди Азамат Осмонов.
Жетишкендиктер менен катар баяндамачы бир катар мамлекеттик органдарда аткаруучулук тартиптин жетишсиз жогорку децгээлине да кеңүл бурду.
“2024-жылдын аягына карата 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Учурда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдери каралып жатат, анын ичинде айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралууда”, – деп билдирди Азамат Осмонов.
Баяндамада каралган негизги маселе мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөлүк иш сапарларын оптималдаштыруу болду.
Алардын тышкы саясатты ишке ашыруу, инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн абсолюттук мааниси белгиленди. Бирок, талдоо көрсөткөндөй, командировкалардын олуттуу саны өлкөгө сезилерлик пайда алып келбейт жана олуттуу бюджеттик чыгымдар менен байланышкан.
“Чет элдик иш сапарлардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2024-жылдын май айында аларды Президенттин Администрациясынын Контролдоо башкармалыгы тарабынан милдеттүү түрдө макулдашуу тартиби киргизилген. Бул чара мамлекеттик саясаттын максаттарына жана милдеттерине жооп бербеген бир топ арыздарды четке кагууга мүмкүндүк берди”, – деп баса белгиледи Азамат Осмонов.
Талдоо чет өлкөлүк иш сапарларды уюштурууда бир катар системалуу көйгөйлөрдү аныктады, анын ичинде так стратегиянын жоктугу, жетишсиз көзөмөл, катышуучуларды тандоодо субъективдүү мамиле, алынган билимдерди натыйжасыз пайдалануу, Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуунун белгиленген тартибин бузуу.
Азамат Осмонов иш-чаранын максаттарына жана мекемелердин функцияларына дал келбеген чет өлкөлүк орунсуз иш сапарларга бир катар мисалдарды келтирди:
• Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкуловага Астанада өткөн Эл аралык аялдар конгрессине катышуусунан баш тарттылды, анткени ал министрликтин милдеттерине тиешеси жок.
• Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Мирлан Усенкановго иш-чаранын программасы борбордун максаттарына дал келбегендигине байланыштуу иш сапарга чыгуусуна макулдук берилген жок.
• Айыл чарба министринин орун басары – Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеев мыйзам талаптарын бузуп, тиешелүү уруксаты жок коңшу Казакстанга иш сапары менен барган.
Кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасы тарабынан таанылбаган өлкөлөргө иш сапарга чыгуу өтүнүчү менен өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирген учурларга өзгөчө көңүл бурулат.
Өзгөчө билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары сынга кабылды.
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2024-жылы жалпысынан 32 жумушчу күндүн ичинде 10 эл аралык сапарга чыккан. Тактап айтканда, Австрияга 8 күндүк иш сапары болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жана кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча эч кандай конкреттүү жыйынтык болгон эмес. “Келечек үчүн билим берүүгө” 200 миллион долларды тартуу маселеси дагы деле талкууда. Министрдин 2024-жылдын май айында Улуу Британия барып келүүсүндөгү 400 миң доллар окуу китептерине жана министрликке кошумча каржылоо тартуу максатты ишке ашкан эмес», – деп баса белгиледи Азамат Осмонов.
Ал жогоруда айтылган жагдайларга байланыштуу Президенттик Администрация мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүп, ар бир чет элдик сапардан максималдуу пайда алуу керек деп сөзүн жыйынтыктады.