Президенттин Администрациясында ШКУнун алкагында санариптештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана “Жибек жолу” өнөр жай интернетин илгерилетүү борборунун башкы директору Ян Юн Шанкай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча билдирүүсүн ишке ашыруунун алкагында санариптештирүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов, бул маанилүү кадам технологиялык прогресске жана санариптик трансформация чөйрөсүн өнүктүрүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга түрткү болоорун белгиледи.
“Биз бирге бир нече стратегиялык багыттарга токтолобуз. Биринчиси – маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун курууну активдүү колдоо аркылуу санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, экинчи багыт – архивдик документтерди санариптештирүү, үчүнчүсү микросхемаларды чыгаруучу заводду куруу. Бул долбоорлор-алдыңкы технологияларды көрсөтүү гана эмес, мамлекеттик башкарууда санариптик трансформацияны практикалык ишке ашыруу”, – деди Алмаз Исанов.
Меморандум Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу маселелери боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө жана өнөр жайлык интернет-технологиялар жана соода-экономикалык кызматташтык жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган.