Президенттин Администрациясында пайдалуу кендерди иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

 Президенттин Администрациясында пайдалуу кендерди иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерин иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясын талкуулаган жыйын болуп өттү.

Жыйында өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул багыттагы иштердин негизги багыттары жана артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

“Пайдалуу кендер – бул технологиялык жана экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Энергиянын кайра жаралуучу булактарына глобалдык өтүү, санариптик трансформация жана жогорку технологияларды өнүктүрүү доорунда Кыргызстан өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Жыйындын жүрүшүндө тармакты туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган чечимдер талкууланып, кабыл алынды.

Связанный пост