Президенттин Администрациясында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган жыйын өттү

 Президенттин Администрациясында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган жыйын өткөрүлдү.

Отурумга Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлеттик администрациялардын башчылары-акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары онлайн-форматында катышты.

Жыйында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү аркылуу жалпы жарандардын жашоо шартын жакшыртууга болоору белгиленип, өзгөчө транспорт, энергетика, суу ресурстары, санариптештирүү, өнөр жай, инвестиция, ири долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвентаризация жүргүзүү, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселелери каралды.

Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жогоруда айтылгандардын негизинде аймактардагы иштебей турган ишканалар, объекттер жана колдонулбаган жерлер боюнча инвентаризация жүргүзүү жана аныктоо, тышкы жана ички инвесторлор менен тыгыз иштешүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча активдүү иш алып баруу, мамлекеттик каржылоону натыйжалуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2030-жылга ички дүң продукцияны 30 млрд долларга жеткирүү тапшырмасын койгон, ошол себептүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары экономиканын өнүгүүсү үчүн жигердүү иштерди алып баруу зарылдыгын Бакыт Төрөбаев кошумчалады.

Связанный пост