Президенттин Администрациясы мамлекеттик түзүлүштү бюрократизмден арылтуу боюнча чаралардын экинчи пакетин карады
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик түзүлүштү дебюрократизациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи отуруму өттү. Жыйында мамлекеттик башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүн, анын ичинде билим берүү, илим, статистика жана ыйгарым укуктарды берүүнү камтыган чаралардын экинчи пакети сунушталды.
Билим берүү жана илим тармагында бюрократиялык жол-жоболорду, анын ичинде адистик кодекстерин кыскартуу менен, бирдиктүү Илим жана аккредитация департаментин түзүү сунушталды. Юриспруденция, экономика, менеджмент жана эл аралык мамилелер сыяктуу бир катар адистиктер боюнча сырттан окууга мораторий киргизүү, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу пландалууда.
Мындан тышкары санариптик дистанттык билим берүүгө өтүү сунушталып, мугалимдердин отчеттук жүгү 75%га кыскарат.
Маанилүү сунуш катары чет өлкөлүк ЖОЖдордун PhD даражаларын таануу процедураларын жөнөкөйлөштүрүүнүн максатка ылайыктуулугу саналат: Ошентип, илимдин доктору даражасына эквиваленттүүлүк ТОП-100гө кирген ЖОЖдун диплому, ал эми илимдин кандидаты илимий даражасына – дүйнөнүн ТОП-200 рейтингине кирген университеттин диплому болгондо таанылат.
Улуттук илимдер академиясын (УИА) реформалоонун алкагында УИАнын финансылык автономиясын кеңейтүү жана эффективдүү аудит жүргүзүү сунушталууда.
Статистиканы өркүндөтүү максатында 2025-жылдын аягына чейин отчеттуулуктун формаларын 257ден 137ге чейин кыскартуу, эгерде алар Тундук системасында бар болсо, маалыматтарды кайра чогултууга тыюу салуу, аймактык статистика бөлүмдөрүн жоюу жана толугу менен электрондук өз ара аракеттенүүгө өтүү пландаштырылууда.
Ыйгарым укуктарды берүүнүн чегинде мыйзамда каралгандыктан, өткөрүп берүүнү талап кылбаган, мыйзамга негизделбеген же техникалык жана нускамалык мүнөздөгү, ошондой эле мыйзамга ылайык редакциясын тактоону талап кылган ыйгарым укуктар алынып салынат. Бул иш-чаранын алкагында 60тан ашык функция мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилээри пландалууда.
Сунуш кылынган дагы бир маанилүү чара – бул дебюрократизациянын натыйжасында мамлекеттик органдын бардык үнөмдөөлөрү, анын ичинде штаттык кыскартуулар ушул органда кала турган мамиле. Бул каражат азыркы кызматкерлерди сыйлоого жана эмгек шарттарын жакшыртууга жумшалат.
Жогорудагы чаралардан тышкары 1-топтогу майыптар үчүн кайра кароо мөөнөтүн 10 жылга, калган топтор үчүн 2 жана 5 жылга чейин узартуу сунушталууда.
Отурумдун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев энергетика, транспорт жана коммуникациялар, социалдык коргоо жана миграция министрликтеринин орун басарларына дебюрократизациялоо чараларын ишке ашырууга жетишерлик катышпаганы үчүн оозеки сын-пикирлерин айтты.
МинКаб башчысы реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик Министрлер Кабинетинин ар бир мүчөсүнө жүктөлөрүн белгилеп, мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти күчөтүүнү талап кылды.