Президенттик администрацияда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү. Иш-чара 2026-жылдын сентябрына белгиленген жана Кыргызстанда өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө негизги уюштуруу маселелери, анын ичинде оюндарды ийгиликтүү өткөрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди аныктоо талкууланды.

“Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн маанилүү окуя болуп кала турган оюндарды жогорку деңгээлде даярдоо жана өткөрүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек” – деп белгиледи Эдил Байсалов.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин каада-салтын жана маданиятын жайылтууга, ошондой эле маданият жана спорт тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган. Бул оюндар салттуу түрдө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, туризмди өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана элдердин ортосундагы диалогду тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Связанный пост