Президенттик администрацияда майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйыны өттү

Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү.

 

Кеңешти министрлер кабинетинин т өрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барды.

 

Атайын конок БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс болду.

 

Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо, реабилитациялык борборлорду өнүктүрүү, ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана интеграциялоого багытталган социалдык долбоорлорго байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

 

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо бул жөн гана социалдык жоопкерчилик эмес, бул биздин коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү. Биз алардын коомдук турмушка толук аралашуусу учун бардык шарттарды тузуп, билим алууга, эмгекке жана медициналык жактан тейлөөгө жетишүүгө тийишпиз. Бүгүнкү жолугушуу ар бир жаран физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан өзүн коомдук турмуштун тең укуктуу катышуучусу катары сезе турган инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат», – деди Эдил Байсалов.

 

Жыйындын соңунда иш-чаранын катышуучуларына президенттин администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратына экскурсия уюштурулуп, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, анын ичинде пандустар, лифттер, кенен эшиктер жана тоскоолдуксуз кире бериштер көрсөтүлдү.

Связанный пост