Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул конституциялык Мыйзамдын максаты “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “КР Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана КР президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган: “1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.”
Мындан тышкары, бул конституциялык Мыйзам “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин КР Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Буга байланыштуу конституциялык мыйзамдын 50-берененин 3-бөлүгүндө “35 жаштан төмөн эмес” деген сөздөр “добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан,” деген сөздөргө алмаштырылган.