Президентинин Администрациясында аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жана алардын коомдогу ролу маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында аялдардын диний уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Талкуунун негизги темасы аялдарга карата зомбулук, алардын укуктары жана коомдогу ролу маселелери болду.
Жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, эрте никеге туруу жана аялдар менен кыздар туш болгон башка социалдык көйгөйлөр боюнча баяндамалар жана аналитикалык маалыматтар каралды.
Диний уюмдарда жана чечим кабыл алуу процесстеринде мусулман аялдардын ролун талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.
«Биз аялдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Заманбап дүйнөдө, анын ичинде мусулман өлкөлөрүндө гендердик теңчилик маселелери жигердүү чечилип жатат жана биздин коом ушул үлгүнү карманышы керек», – деп баса белгиледи МинКаб төрагасынын орун басары.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жалпы максатка жетүү үчүн – зордук-зомбулуксуз жана басмырлоосуз коомду түзүү үчүн мамлекеттин, жарандык коомдун жана диний жамааттардын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.