Президент жол кырсыгынан жакындарынан айрылганын айтып берди
Президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунда эл менен жолугушууда жол кырсыктарынын кесепетинен жакындарынан айрылганын айтып берди.
Мамлекет башчысынын айтымында, бир тууган иниси келини экөө жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде каза болгон.
“Кырсыктан 4 баласы ар кандай жаракат алып, бирок аман калышкан. 2019-жылы улуу балам жол кырсыгынан каза болду. Ушундай эле кырсыктарга кабылгандар миңдеп саналат. Ошондуктан, өлүм менен коштолгон кырсыктардан алыс болуу үчүн жол эрежелерин жакшы окуш керек. 10 ай көз ачып-жумганча эле өтүп кетет”, – деди президент.