Президент Жапаров Тонга Королдугунун Премьер-министри Аисаке Эке менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Нью-Йорк шаарында Тонга Королдугунун Премьер-министри Аисаке Эке менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында демилгелерди өз ара колдоого макулдашышты.
Кыргызстан менен Тонганын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында түзүлгөн.
Президент Садыр Жапаров географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Тонганын өнөктөштүгүн алдыга жылдырууга көптөгөн жалпы кызыкчылыктар бар экенин белгиледи.
«Өлкөлөрүбүз климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө маани берет. Тонга деңиз деңгээлинин көтөрүлүүсүнө каршы күрөшсө, Кыргызстан мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө туш болууда», – деп белгиледи ал.
Өз кезегинде Тонганын Премьер-министри Аисаке Эке өз өлкөсүнүн Кыргызстан менен эки жактуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.