Президент Жапаров Ирактын Президентине көңүл айтты

 Президент Жапаров Ирактын Президентине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ирактын Президенти Абдулатиф Жамал Рашидке Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөтүндө болгон өрттүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Ушул жылдын 27-сентябрында Найнава аймагындагы ресторанда орун алган чоң өрттүн натыйжасында көптөгөн адамдар каза болду деп суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост