Президент “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду

 Президент “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын көз карандысыз, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү массалык маалымат каражаттарын (мындан ары – ММК) түзүүгө багытталган шартта массалык маалымат каражаттары тармагындагы мыйзамдардын өркүндөтүлүшүн камсыз кылуу.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– ММКны каттоо, кайра каттоо, ишин токтотуу жана жоюу тартиби, маалыматка жетүү, анын ичинде ММКны каттоо, кайра каттоо критерийлери жана каттоодон баш тартуу; бул жерде ММКны юстиция органдары каттоо тууралуу чечим кабыл алгандан тартып катталган деп эсептөө жана маалымат таратууга укуктуу экенин, ал эми ММКнын иши негиздөөчү же соттун чечими менен гана токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн экени белгиленет;

– массалык маалымат каражатынын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдер;

– цензураны катуу тыюу, кызматтык адамдардын, анын ичинде ММКнын негиздөөчүлөрүнүн массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө ар кандай кийлигишүүсүнө тыюу салуучу жоболор;

– ММКнын маалыматка жетүү укугун камсыздоонун өзгөчө укуктук режими, ММКнын жоопкерчилиги жана ММК, редакция, журналисттер жоопкерчиликтен бошотулган шарттар.

Мыйзам ММКга маалыматтын булагын, анын ичинде маалыматтын ээси катары аныктоону жашыруун сактоого укук берет, бирок бул укук аткаруу учурунда соттун талаптары келип түшкөн учурда иштетилбейт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасында массалык маалымат каражатын түзүүдө чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга уставдык капиталдагы акциялардын, үлүштөрдүн, пайлардын 35 пайыздан ашуунуна ээлик кылууга, колдонууга, башкарууга тыюу салынары көрсөтүлгөн, ошондой эле массалык маалымат каражаттарын таратуу жана редакциялык саясат боюнча этикалык стандарттарды сактоо милдеттендирилген.

Связанный пост