Президент жаңы Ак үйдүн ачылыш аземине катышат
Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров КП президентинин администрациясынын жаңы имараты – “Ынтымак Ордону” салтанаттуу ачуу аземине катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын маалыматына ылайык, иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Түз эфир башталышы болжолдуу — 20:20.