Президент Ысык-Көлдөгү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл көлүнүн аймагындагы жейрендин популяциясын жана таралган аймагын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты.
«Жейрен-Ордо» долбоорунун демилгечилери жана уюштуруучулары «Аргали», «Илбирс» коомдук фонддору жана «Гулистан» дыйкан чарбасы болуп саналат. Долбоордун максаты – бир кезде кеңири жайылып, бирок браконьерликтин жана жаратылыш аймактарынын өзгөрүшүнөн улам тукум курут болуу алдында калган же таптакыр жок болуп кеткен жейренди Кыргызстандын жапайы жаратылышына кайтарып берүү. Бүгүнкү күндө анын саны жана таралышы кескин азайып, калктын жардамысыз табигый калыбына келтирүү мүмкүн болбой калган.
Коруктун уюштуруучулары мамлекет башчыга Ысык-Көлдүн түштүк жээги ылайыктуу жаратылыш шарттары сакталган аймак экенин, бирок жейрендер көптөн бери байкалбай калганын айтышты. Бул жерде түрдү калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу – реинтродукция, башкача айтканда жаныбарларды башка аймактардан алып келүү.
«Жейрен-Ордо» долбоорунда жейрендерди жаратылышка коё берүүнүн «жумшак ыкмасы» колдонулат. Долбоор баштапкы этапта жаныбарларды ыңгайлаштыруу жана көбөйтүү үчүн жарым-жартылай эркин шарттарда кармоону, андан кийин аларды мурдагы жашаган жерлеринде жапайы жаратылышка чыгарууну камтыйт.
Мамлекет башчысына борбордо учурда 43 баш жейрен багылып, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалып жатканы маалымдалды. Быйылкы жылы 25 башы: биринчи 12 эркек, ал эми адаптациялангандан кийин 13 ургаачы жейрен улактары менен биринчи жолу чыгарылат. Бул ыкма туруктуу үйүрлөрдү табигый түрдө түзүүнү шарттайт.
Келечекте долбоордун уюштуруучулары жыл сайын 15–20 баштан чыгарууну пландаштырууда. Браконьерликке каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлсө, долбоор 10 жылдын ичинде аймактагы жейрендердин санын 500гө чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчы мекендештерибизге, өзгөчө Ысык-Көл облусунун тургундарына кайрылып, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин биргелешип колдоого чакырды. Анын айтымында, бул жаныбарлар дээрлик 100 жылдан кийин Ысык-Көлдүн жээгине кайтарылып жатат.
Президент 1930-жылдарга чейин жейрендер Тоң районунда кеңири жайылып, кийин бир катар себептерден улам дээрлик жок болуп кеткендигин баса белгиледи. Ал белгилегендей, анын популяциясын калыбына келтирүүгө болот – бул үчүн табийгатка чыгарылган жаныбарлардын адаптациясына тоскоолдук кылбоо жетиштүү.
Садыр Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө биз салыштырмалуу бакубат заманда жашап жатабыз, азык-түлүк тартыштыгы жок, андыктан бул жаныбарларга кол салуудан пайда жок – жейренге аңчылык кылуу эч бир көйгөйдү чечпейт. Ал бул жаныбарлар экологиялык жактан пайдалуу экенин баса белгиледи: алар тикенектүү өсүмдүктөр менен да, уулуу чөптөр менен да азыктанып, ошону менен жаратылыштагы тең салмактуулукту сактоого катышышат. Мамлекет башчысы аларды жок кылуунун ордуна сактоого жана коргоого көмөк көрсөтүүнү сунуштады – ар бир жаран жаратылыш алдындагы жоопкерчилигин сезе билүүсү керек.
Садыр Жапаров жейрендер жаратылышка коё берилгенде, аларды эт же олжо катары атууну токтотууга чакырды. Ал мамлекет зарыл колдоо көрсөтүп, жапайы, өзгөчө жоголуп бара жаткан жана Кызыл китепке кирген жаныбарлардын популяциясын калыбына келтирүү боюнча ырааттуу иш алып барарын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы долбоордун комплекстүү мааниси бар экенин, экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана биологиялык ар түрдүүлүктү жогорулатууга, экологиялык билим берүүгө жана курчап турган чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга көмөктөшөөрүн, ошондой эле туруктуу экотуризмди өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгиледи.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарына жейрендин популяциясын калыбына келтирүү жана адам тарабынан мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын алуу боюнча иш-чараларды колдоо максатында калк арасында, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, мергенчилер жана чабандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.