Президент япониялык инвесторлорду “Асман” экологиялык таза шаар долбооруна катышууга чакырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өткөн “Борбордук Азия – Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү саммит Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга болгон жалпы умтулууну билдирерин баса белгиледи.
“Бул диалог түзүлгөндөн бери Борбор Азия экономиканын бардык тармактарында туруктуу экономикалык өсүштү жана өнүгүүнү көрсөткөн өзүн-өзү камсыз кылган аймакка айланды. Оң динамиканын шартында биздин өз ара аракеттенүүбүздүн натыйжалуу жана узак мөөнөттүү форматтарын түзүү өзгөчө мааниге ээ болууда”, – деди Садыр Жапаров.
Ал Кыргызстан Япониянын биргелешкен ишти үч негизги багытка – экологиялык жана туруктуулук, коммуникациялар, адам ресурстарын өнүктүрүүгө багыттоо боюнча сунушун колдой турганын ырастады.
Президент тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү негизги көйгөйлөр экенин белгиледи. Мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы, сел агымдарынын жана сейсмикалык активдүүлүктүн өсүшү түздөн-түз калкка жана инфраструктурага коркунуч келтирүүдө.
Буга байланыштуу ал Япониянын катышуусу менен эрте эскертүүнүн аймактык системасын түзүүнү жана табигый коркунучтарды болжолдоо боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүүнү сунуштады.
Мамлекет башчысы Кыргызстан “жашыл” экономикага, кайра жаралуучу энергетиканы жана таза технологияларды өнүктүрүүгө умтуларын белгилеп, «Камбар-Ата – 1» ГЭСин негизги стратегиялык долбоор катары атады. Ал ошондой эле япондордун “жашыл”технологияларын трансферлөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизмдерине кызыкдар экенин билдирди.
Президент БУУнун 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы демилгесин эске салып, өнөктөштөрдү Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Садыр Жапаров Япония менен кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилөө менен япон тараптын Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады жана инвесторлорду “Асман” экологиялык таза шаар долбооруна катышууга чакырды.
Коммуникация жана байланыштуулукту өнүктүрүү контекстинде Мамлекет башчысы Евразиянын борборундагы ыңгайлуу географиялык жайгашуусу Кыргызстан үчүн транспорттук, логистикалык, соода жана финансылык агымдар үчүн аймактык хаб болуу мүмкүнчүлүктөрүн ачарын баса белгиледи. Байланыштуулукту жогорулатуу, инфраструктураны модернизациялоо жана интеллектуалдык транспорттук системаларды киргизүү бизнестин чыгымдарын кыскартууга жана өлкөнүн аймактык логистикадагы позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Садыр Жапаров Кыргызстан жол жана темир жол тармагын, жарандык авиацияны жана транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн эл аралык каттамдарга катышуусун кеңейтүүгө багыт алганына токтолду.
Ал айрыкча Япония менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, алдыңкы япон технологияларын трансферлөө, ошондой эле инженердик жана IT-кадрларын даярдоо үчүн аянтча болоорун белгиледи.
Президент өз сөзүндө Япония менен кызматташуунун негизги артыкчылыктарынын бири адам ресурстарын өнүктүрүү экенин да өзгөчө белгилеп өттү. Ал JDS программасынын жыйынтыктарын жогору баалап, анын бүтүрүүчүлөрү көп жылдар бою өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келишкенин ырастап, Япониянын алдыңкы университеттеринде, биринчи кезекте маалыматтык технологиялар жана инженерия багыттары боюнча билим берүү квоталарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Садыр Жапаров туризм тармагындагы кызматташтык Кыргызстан менен Япониянын элдерин жакындаштыруучу маанилүү фактор экенин билдирди. Ал өлкөнүн соода жолдорунун жана цивилизациялардын кесилишинде калыптанган бай тарыхый-маданий мурасы, ошондой эле буддисттик маданияттын сакталып калган элементтери Япониялык туристтер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратаарын айтты. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы маданий көп түрдүүлүктү сактоо жана адистештирилген музей комплексин түзүү боюнча өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди.
Садыр Жапаров сөзүнүн аягында Кыргызстан жыл бою туристтик сезонду түзүү максатында туристтик инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүп жатканын баса белгилеп, «Ала-Тоо Резорт» ири тоо лыжа базасынын долбоору ишке ашырылып жатканын айтып, Япониялык өнөктөштөрдү анын өнүктүрүүгө катышууга чакырды.