Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Адамзаттын руханий тазалык жана бийик адеп-ахлак сыяктуу улуу баалуулуктарынын маанилүүлүгүн насыят кылган бул жаркын майрам биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө, жалпы мусулман үммөтүнүн ортосунда достукту, өз ара колдоону жана тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, Ал эми жалпы Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост