Президент Теңгиз Бөлтүрүк эмне үчүн кызматтан алынганын айтты

 Президент Теңгиз Бөлтүрүк эмне үчүн кызматтан алынганын айтты

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде “Кумтөр” компаниясынын мурдагы тышкы башкаруучусу болгон Теңгиз Бөлтүрүктүн ишиндеги кемчиликтерди айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Теңгиз Бөлтүрүк каражаттарды ыксыз жана ашыкча өлчөмдө короткон. Анын баары тергөөдө аныкталып, келтирилген зыяндын орду толтурулган соң, иштен алынган.

“Мен Теңгиз Бөлтүрүккө айттым, Кумтөр мамлекетке өттү, бул жер сизге европалык башкаруу эмес, Канада же башка өлкө, же жеке фирма эмес. Мамлекет бир сомдун аркасынан кубалап барат. Кыргызстанды Европанын методу менен башкарам дебе. Ар бир темир, ар бир литр күйүүчү майга чейин текшериңиз. Ар бир грамм алтын аффинаждан өтүп, түптүз Улуттук банкка барганга чейин көзөмөлдөш керек. Өзүң уурдаба, башкаларды уурдатпа дегем. Таптаза иштеп, башкарып берем, миллиарддык компания кылам деди.

Анан эле демөөрчүлүк катары жардам сурап баргандарга – футболчу, улакчы, баарына каражат берип баштаптыр. Аны да айттым, бул менчик фирмаң эмес, өкмөт аркылуу беришиң керек. Дивиденддин баары бюджетке түшүшү керек деп эскерткем.

Андан кийин эле мага бүтүндөй Кыргызстанда 60 сомдон солярка алынып жатат, ал эми Кумтөр 80 сомдон алып жатыптыр, ар бир литринен 20 сомдон жеп жатат деген маалымат келди. Дароо эле Теңгиз Бөлтүрүктү чакырдым. Анткени ар бир литринен 20 сом алуу бул чоң акча. Себеби, Кумтөрдө айына 11 миң тонна солярка сарпталат. Айтылган маалыматтарды ал калп деди. Текшертсем чындап эле ошондой экен, прокуратура таап чыгып, баарын камады. Ал жерде жалгыз эле Теңгиз Бөлтүрүк эмес, анын орун басарларынан беш-алтоо камалды. Келтирилген зыяндын баарын төлөп, анан камактан чыгышты.

Дагы бир кызык окуя бар. Өкмөткө, же мага айтпай Кумтөрдүн “Учкун” басмаканасындагы кеңсесин көчүрөм деп, мыйзамдагы уурунун бир имаратын ижарага алыптыр. Анын акысы жок дегенде эле айына 1 млн долларды чапчыйт. Аны ремонт кылып, кымбат эмеректерди киргизишкен. Өзүнүн отурган креслосунун эле баасы 6 миң доллар болгон. Эмнеге кымбат десе, менин боюм кичинекей болгон үчүн арзан креслого отурсам, шыпырылып кетип жатам деп жооп бериптир. Тергөө иши башталып, камалып, кызматтан алынды”, – деди президент.

Связанный пост