Президент Садыр Жапаровдун туулган күнүнө карата куттуктоолордун келип түшүүсү уланууда

 Президент Садыр Жапаровдун туулган күнүнө карата куттуктоолордун келип түшүүсү уланууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун туулган күнүнө карата чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларынан, эл аралык уюмдардын жетекчилеринен жана башкалардан куттуктоолор келип түшүүдө.

 

“Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү баратат, Евразия мейкиндигинде тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө ишинде барган сайын өсүп жаткан ролду ойнойт. Сиздин Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун прогрессивдүү өнүгүүсүнө жана анын эл аралык позицияларын мындан ары бекемдөөгө кошкон салымыңызды жогору баалайбыз. Уюмдун алдында турган максаттарга жетүүсүнө көрсөткөн туруктуу колдооңуз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”, – деп айтылат ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун куттуктоо телеграммасында.

 

“Сиздин чечкиндүү саясатыңыздын аркасында бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында масштабдуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр ишке ашырылып, өлкөнүн мындан аркы туруктуу өнүгүүсү жана эл аралык иштердеги анын ролун бекемдөө үчүн шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетейин. 2025-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгы ийгиликтүү жана жемиштүү болот деп ишенем”, – деп ШКУнун Башкы катчысы Чжан Миндин куттуктоо телеграммасында айтылат.

 

“Үзүрлүү жаратман ишмердүүлүк, жогорку кесипкөйлүк, өз жериңди жана өз элиңди сүйүү, бай турмуштук жана башкаруучулук тажрыйба Сизди азыркы Кыргызстандын ийгиликтүү мамлекеттик ишмери, коомдун туруктуу прогрессивдүү өнүгүшүнүн гаранты кылды”, – деп белгиледи КМШнын Экономикалык сотунун Төрагасы Андрей Плотников өз телеграммасында.

 

“Сизге мүнөздүү болгон лидерлик сапаттар, эрк жана турмуштук тажрыйба Кыргыз Республикасын динамикалуу өнүктүрүүнүн, биздин мамлекеттер менен элдердин ортосундагы достук байланышты чыңдоонун өбөлгөсү болуп кызмат кылат. Сиз менен бирге биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелердин салттуу жакшы мүнөзүн мындан ары да сактай алабыз деп ишенем”, – деп айтылат Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козактын телеграммасында.

 

“Сиздин талыкпаган эмгегиңиздин, Ата Мекенге жан аябас берилгендигиңиздин жана өз элинин кызыкчылыгын терең түшүнгөнүңүздүн аркасында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык, илимий-техникалык өнүгүү маселелерин чечүүдө зор ийгиликтерди көрсөтүп, эл аралык аренада маанилүү роль ойноп жатат. Быйыл Санкт-Петербург менен Кыргызстан өнөктөштүктүн 20 жылдыгын белгилейт. Салыштырмалуу кыска мөөнөттүн ичинде биргелешкен күч-аракеттердин аркасында биз соода-өндүрүштүк кооперация, билим берүү, маданият, илим жана маалымат технологиялары жаатында таасирдүү натыйжаларга жетиштик. Санкт-Петербургдун өкмөтү эки тараптуу мамилелерди ишеним, өз ара колдоо жана урматтоо духунда мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо”, — деп айтылат Санкт-Петербургдун губернатору Александр Бегловдун телеграммасында.

 

“Мени өзгөчө Кыргызстандын дин тутуу эркиндигинин ыйык принциптерин карманган светтик, көп улуттуу өлкө катары таанып-билүүсүнө болгон туруктуулугуңуз шыктандырат. Сизге чың ден-соолук жана өлкө жетекчилигинде чексиз ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат Ыйык Тактынын атынан Апостолдук Нунций Джордж Панамтундилдин куттуктоо телеграммасында.

 

Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, өлкөдөгү маанилүү саясий реформалар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, боордош мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо менен стратегиялык маанилүү демилгелерди ишке ашыруудагы жигердүү аракеттердин натыйжалуу болушуна тилектештигин билдирди.

Связанный пост