Президент Садыр Жапаров ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйынына катышууда
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышууда.
Жыйындын алдында Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорянды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевди тосуп алды.
Катышуучулар биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин, тар курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.