Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан Режеп Тайып Эрдоганды жана боордош түрк элин Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

Президент эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстан Түркия менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылыктуу көңүл бурууда.

Өз кезегинде Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган эки тараптуу мамилелердин алдыга умтулган өнүгүү динамикасына канааттануусун билдирип, аларды мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашты.

Связанный пост