Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

 Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу Саммитинин ишине катышат.

Связанный пост